География:КУРШАБ ӨРӨӨНҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
Түш. Кырг-ндагы Карадарыя, Куршаб, Кысыкалма сууларынын шиленди конустарынан орун алган.

Чыгышынан Карадарыя, батышынан Отузадыр адырлары, түштүгүнөн Кысыкалма ж-а Төөчү адырлары, түндүгүнөн Кемпирабат босогосу м-н чектешет. Уз. 50 км, туурасы 30–35 км чамасында. Орт. бийикт. 950 м. Антропогендин кум-чополуу, шагыл ж-а лёсс тектери м-н капталган. Шералы дөңсөөлөрүндө лёсс катмарынын калыңдыгы 10—15 мге жетет. Климаты континенттик. Январдын орт. темп-расы —4,5°С, июлдуку 25–26°С. Жылдык жаанчачыны 300–350 мм. К-ө. аркылуу Куршаб суусу өтөт. Өрөөндүн төмөн жагында Кемпирабад суу с. курулган. Боз топурак басымдуу. Табигый өсүмдүктөрү: камыш, актикен, чычырканак ж. б. Маданий өсүмдүктөрдөн алма, өрүк, шалы, тамеки, таруу, жүгөрү, жүзүм, буудай ж. б. өстүрүлөт. Өрөөндө Куршаб, Савай, Жаңарык ж. б. кыш. бар. К. ө-нөн Ошту Каракулжа р-ну м-н байланыштырган авт. жолу өтөт.