География:КАРАКУЛЖА ӨРӨӨНҮ
Тасыраксай м-н Фергана тоолорунун аралыгында кеңдик багытта жайгашкан. Каракулжа р-нун аймагында. Уз. 104 км, туурасы 24 км. Басымдуу бийикт. 3200–3400 м. Өрөөндүн эң жапыз жери 780 м, бийик жери Үчсейит массивинде (4900 м). К. ө. мезозой ж-а кайнозой замандарында пайда болгон кумдук, конгломерат, чопо, мергель ж-а сланец, Тар д-на жакын неоген ж-а антропогендин конгломераттары м-н борпоң тоо тектерден турат. Климаты континенттик; июлдун орт. темп-расы 15,3°С, январдыкы —14,8 С. Жылдык жаан-чачыны 571 мм.
Мөңгү өрөөндүн 4,3%ин түзөт, жалпы саны 31, алардын 16сы Үчсейит массивинде; эң ириси — Каракол, уз. 5,6 км, туурасы 0,9 км, аянты 4,6 км2. Кар чеги 4160 м бийикте жатат. Ири суусу—Каракулжа. Ландшафттары: күңүрт боз топурактуу талаа (1000–2000 м), каралжын тоо топурактуу бийик чөптүү шалбаалуу талаа ж-а токойлуу шалбаалуу талаа (2500– 3000 м). Түздүктөрдөгү бетеге, шыбак, итмурун, шыраалжын, улам жогорулаган сайын табылгы, кайың, жаңгак, андан ары карагай, арча м-н алмашат. Нивалдык зонада альп өсүмдүктөрү басымдуу. Ессентуки тибиндеги минералдуу булактар бар. Өрөөндө Каракулжа кыш. жайгашкан. Негизинен жайыт катары пайдаланылат.