География:ЖЕЛАРГЫ ӨРӨӨНҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
— Кыргыз Алатоосунун түн.-чыгыш тумшугунан орун алып Желаргы суусунун (Чүйдүн сол куймасы) агымы м-н түш.-батыштан түн.-чыгышка 17 кмге созулат. Кемин р-нун аймагында. Туурасы 2 кмдей. Деңиз деңг. бийикт. 1350–2300 м. Өрөөндү курчаган тоолордун капталдары жантайыңкы, кырлары тайпак, чокулары өрөөндүн таманынан 1000–1100 м көтөрүңкү. Ж. ө-нүн башы кууш, аягы кенен тартып, Чүй өрөөнүнө өтөт. Негизинен төртүнчүлүк мезгилинин ж-а миоцен-плиоцендин конгломерат, кумдук, алевролит, шагыл, чопо, кум тектеринен турат. Климаты мелүүн континенттик.

Июлдун орт. темп-расы 17°С, январдыкы —8°С. Жылдык жаан-чачыны 300–350 мм. Жарым чөл ж-а кургак талаа (2000 мге чейин), бетегелүү талаа ж-а айрым жерлеринде шалбаалуу талаа алкактары басымдуу. Жайыт.