География:БҮЛӨӨЛҮ ӨРӨӨНҮ
Түштүк Кыргызстанда, Гүлчө суусунун оң жак куймасынан орун алган. Түн.-батышынан Будалык өрөөнү, чыгышынан Көксуу өрөөнү, түндүгүнөн Андакул өрөөнү ж-а ашуусу м-н чектешет. Өрөөндүн төрүндөгү Андакул ашуусунан Гүлчө суусуна чейин 42 кмге созулуп жатат. Туурасы 3–4 км. Басымдуу бийикт. 3400–3500 м, эң жапыз жери 2850 м. Жалпысынан V формасында.
Баш жагы эки өрөөнгө (Чоң ж-а Кичи Бүлөөлү) бөлүнүп кетет. Экөөнүн чаты «Кошулуш» деп аталат. Көлчаты кыш-нан Гүлчө суусуна чейинки аралыкта тар капчыгай, капталдары аскалуу. Капталдары шагылдуу, кыска ж-а терең кокту-колоттуу. Климаты мелүүн континенттик. Июлдун орт. темп-расы 17°С, январдыкы —8,4°С. Жылдык жаан-чачыны 600 мм. Өрөөн аркылуу Чоң ж-а Кичи Бүлөөлү суулары агып өтөт. Эки суу кошулган жерде суунун нугуна кум, ылай чөкмөлөрү топтолуп, айлампалар пайда болуп, суусу жай аккандыктан бул жер «Көл» деп аталат. Бүлөөлүнүн куймалары: Шиве, Эркеч, Кайыңды, Чепайрык. Жогору жагындагы суулар тар капчыгай аркылуу агып, кечүү бербегендиктен жыгач көпүрөлөр көп. Тоонун күнгөй беттери каксоо келип, жарым чөлгө мүнөздүү шыбак, чекенде өсүмдүктөрү өсөт. Аскаларга жармаша өскөн сейрек арча ж-а табылгы, чие, шилби ж. б. бадалдар кездешет. Жээгиндеги жайылмалары анча кенен эмес, бирок бадал, дарактар (кайың, терек, тал, четин, шилби, итмурун, бөрү карагат) жыш өсүп, капчыгайга көрк берип турат. Кичи Бүлөөлүдө арча токою басымдуу. Жайык беттерге субальп ж-а альп шалбаа ландшафттары мүнөздүү. Өрөөндүн ооз жагында Көлчаты кыш. орун алган. Бүлөөлү — «бүлөө таш көп кездешкен жер» деген мааниде.