География:БАЛГАРТ ӨРӨӨНҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
— Ички Теңиртоодо.

Жетимбел, Жетим, Үчемчек тоолору м-н курчалган. Карасаз, Буркан ж-а Арчалы сууларынын төмөнкү агымында жайгашкан. Уз. 82 км, эң жазы жери 7 км. Өрөөндүн таманынын абс. бийикт. 2700–3400 м. Чыгышы тектирлүү; түштүгүндө шиленди ж-а бийик кашаттар м-н Арчалы суусунун шиленди конустары, түндүгүндө мөңгү таштарынан пайда болгон дөңсөөлөр жатат. Борб. бөлүгү түзөң. Өрөөн гранит, кумдук, сланец тоо тектеринен түзүлгөн. Алардын үстүндө чополуу ж-а плейстоцендин шиленди катмарлары жатат. Түзүлүшү б-ча — грабен-синклиналь. Климаты континенттик. Кышы суук, январдын орт. темпрасы —13...–14°С, жайы салкын, июлдуку 8–9°С. Жылдык жаан-чачыны 300–400 мм. Каракаман, Буркан тоолору мөңгүлүү. Жылуусуу, Арчалы, Жылаңач, Каракаман, Балгарт, Карасаз ж-а Буркан суулары кошулуп, Кичи Нарынды түзөт. Б. ө-дө саз көп кездешет; жер астындагы сууларга бай. Кыртышы кумдак боз топурактуу. Шалбаа ж-а талаа чөптөр басымдуу. Жайыт. Топоним балык ж-а арт (ашуу) сөздөрүнүн түзүлгөн; «балыктуу суу ашуусу» маанисин туюндурат.