География:ЧАНАЧ АШУУСУ
Чаткал кырка тоосунун орто бөлүгүндө. Бийикт. 3408 м. Ашуудан Чанач суусу башталат. Түн. бети жантайыңкы, нивалдык сейрек өсүмдүктөр кездешет, түштүгү тигирээк, жылаңач. Белинде өсүмдүк жок. Ашуу май — октябрь айларында ачык. Фергана ж-а Чаткал өрөөндөрүн байланыштырган авт. жолу өтөт.