География:КӨЛАЛМАТЫ АШУУСУ
Иле Алатоосунда, Көлалматы (Чоң Кеминдин оң куймасы) ж-а Чоң Алматинка сууларынын башынан орун алган. Бийикт. 3520 м. Ашууда соңку рифейдин гнейстүү гранит-диорит, тоналит, кварцтуу монцонит интрузия тектери жатат. К. а. м-н Казакстандын Алматы облусунун малчылары Чоң Кемин өрөөнүнө мал ашырат. Ашуу июнь айында ачылып, ноябрда жабылат.