География:КАШКЕЛЕҢ АШУУСУ
Иле Алатоосунда, Каскелең суусунун алабында жайгашкан. Алматы облусун Чоң Кемин өрөөнү м-н байланыштырат. Бийикт. 3716 м. Капталдары тик. Тоо кырларынын ашуудан салыштырмалуу бийикт. 400—500 м. Негизинен протерозой ж-а палеозойдун гранит, сиениттеринен турат. Ашуу аркылуу 1856-ж. саякатчы ж-а географ П. П. Семенов-Тяньшанский өткөн. Июнь — сентябрь айларында жол ачылат.