География:КАРАБУУРА АШУУСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
Талас Алатоосунда, Карабуура (Таластын сол куймасы) ж-а Каракасмак (Чаткалдын оң куймасы) сууларынын башынан орун алган.

Бийикт. 3305 м. Тоо кырларынын ашуудан салыштырмалуу бийикт. 500— 600 м. Түндүгү чополуу тик бет; түштүгү куюлма шагыл, кумдуу. Ашуу үстүнкү протерозойдун филлит, кумдук, алевролит тектеринен туруп, мойногу чополуу ж-а корумдуу келет. Ал аркылуу өткөн авт. жолу Талас ж-а Чаткал өрөөндөрүн байланыштырат. Жол июнь айында ачылып, сентябрь — октябрь айларында кайра жабыла т.