География:СЕМЁНОВ ЧОКУСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
— Сарыжаз кырка тоосунун эң бийик жери. Кырка тоонун чыгыш бөлүгүндө, Кыргызстан м-н Казакстандын чек арасында жайгашкан. Бийикт. 5816 м. Силурдун аягында, девондун башталышында пайда болгон чөкмө ж-а аларды жиреп чыккан интрузия тоо тектеринен түзүлгөн. Кырка тоонун бул бөлүгүндө зор мөңгү жатат. Түн.-батышында Семёнов мөңгүсү жайгашкан. Чоку П. П. Семёнов Тянь-Шаньскийдин ысымынан аталган.