География:ОЙБАЛА ЧОКУСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
Түш. Теректоодо, Алай кырка тоосунун чыгыш жагында.

Бийикт. 4786 м. Чоку Көксуунун сол куймасы болгон Ойбаланын төрүндө. Чоку жайгашкан тоо кырдуу келип, жондонуп түштүккө созулуп жатат да, дайыма жылаңач, капталдары тик аскалуу. Палеозойдун башталышында ж-а ортосунда пайда болгон чөкмө тоо тектерден түзүлгөн.