География:ЧАЛКАТОО
– Фергана тоо тизмегинин түн.-батыш тармагы. Нарын д-н сол жээктей Текечал ж-а Карасуу (Нарындын сол куймалары) сууларынын аралыгында 20– 21 кмге созулуп жатат. Туурасы 5–6 км. Орт. бийикт. 1800–1900 м, эң бийик жери 2108 м.
Кыры негизинен тайпак, капталдары, айрыкча түн.-батышы Нарын д-на тик түшүп, кыска, капталдарында жардуу капчыгайлар кездешет. Негизинен карбондун аягында пайда болгон кумдук, алевролит, сланец, конгломерат, акиташ тектеринен турат. Жарым чөл, кургак талаа ж-а талаа, о. эле сейрек кездешкен шалбаалуу талаа ландшафттары мүнөздүү. Жайыт.