География:ЧААКТОО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– Фергана тоо тизмегинин түш.-батыш тармагы. Сарыбел ж-а Аксуу (Нарындын сол куймалары) сууларынын аралыгында дого сымал созулуп жатат.

Уз. 24 км, туурасы 6–7 км. Орт. бийикт. 2500–2600 м, эң бийик жери 2850 м. Тоонун кыры негизинен тайпак, анда-санда тик чокулар кездешет; капталдары жантайыңкы, айрым жерлери жардуу, айрыкча тоонун Нарын д-на түшкөн батыш тумшугу тик ж-а жалама. Тоо соңку карбондун кумдук, алевролит, сланец, акиташ тектеринен түзүлгөн. Жарым чөл ж-а кургак талаа (1800 м бийиктикке чейин), талаа ж-а бадалшалбаалуу талаа ландшафттарынан турат. Чарбада жайыт, чөп чабынды.