География:УЛАН ТООСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
Ички Теңиртоодо. Нарын кырка тоосунун чыгышында, Улан, Жаңыжер (Атбашынын куймалары), Көкжар, Атжайлоо, Жаңыжер (Нарындын сол куймалары) сууларынын алабында жайгашкан.

Тоо кеңдик багытында 60 кмге созулат. Туурасы 7 км. Орт. бийикт. 4100 м, эң бийик жери 4542 м. Аскалуу ичке тилкени түзүп, төр, цирктер көп кездешет. Айрым жерлеринде байыркы денудациялык түздүктөр кездешет. Мөңгүлөр бар. Тоо капталдары кыска, жалама аскалуу, терең ж-а жыш тилмеленген майда капчыгайлуу ж-а корумдуу келип, аты аталган суулардын өрөөндөрүнө тик түшөт. Дүңгүрөмө (3950 м), Улан (3790 м), Атжайлоо (4530 м) ашуулары бар. Негизинен девон м-н карбондун оолиттүү акиташ, кремний, кумдук, сланец, туф, порфирит тектеринен түзүлүп, батыштан чыгышка багытталган тектон. жаракалар м-н тилмеленип жатат. Субальп ж-а альп бадал аралашкан талаа ж-а шалбаалуу талаа (3600 мге чейин), андан жогору нивалдык-гляциалдык ландшафттары мүнөздүү. Жайыт.