География:ТЕҢИРТОО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– Кантеңир (Музтоо) тоо тоомунун борб. бөлүгүндөгү кырка тоо. Борб.

Теңиртоодо. Меридиан кырка тоосундагы Чатыр чокусунан (6700 м) башталып, батыш тарапка Броненосец аскалуу урчугуна (4915 м) чейин созулуп, Түн. ж-а Түш. Эңилчек мөңгүлөрүн бөлүп турат. Уз. 38 км, туурасы 6–9 км, орт. бийикт. 6000 м, эң бийик жери 6995 м (Кантоо; Меридиан кырка тоосунан 6 км батышта) салыштырма бийикт. 1500–2000 м. Түш. капталы тик (55–60°), түндүгү жантайыңкы (40–45°) келип, мөңгү, өрөөндөр м-н тилмеленген. Палеозойдун мрамор, мраморлошкон акиташ, кристаллдуу сланец тектеринен ж-а аларды жиреп чыккан гранит, гранит-диориттен турат. Мөңгүлөрүнүн жалпы аянты 132 км2. Т-нун түн.-батыш, батыш этегинен Мерцбахер көлү орун алган. Тоо толугу м-н гляциалдыкнивалдык алкакта жатат. Альпинистерди кызыктыруучу жай.