География:ОРТОКТОО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
Ички Теңиртоодо. Кочкор өрөөнүнүн батышында. Кыргыз Алатоосунун түш. этегинен башталып, түн.-батыштан түш.-чыгышка созулуп жатат.

Сараласаз ж-а Чыгыш Каракол өрөөндөрүн бөлүп турат. Уз. 20 км, туурасы 6–9 км. Орт. бийикт. 2900–3000 м, эң бийик чокусу 3214 м (батыш бөлүгүндө). Капталдары бирдей эмес – түн., түн.-чыгыш тарабы кууш (этеги 2300–2700 м бийикте), түн. капталы жазыраак (этеги 2100–2400 м бийикте). Онун жону жайык. Капталдары кургак сайлуу, кокту-колоттуу. Негизинен палеозойдун гранит, гранит-диорит интрузиясы, ордовиктин кумдук, сланец, катмарлуу порфирит, туф ж. б. тоо тектеринен түзүлгөн. Каксоо келген түш. капталдарына бадалча-шыбактуу жарым чөл (2100–2500 м), төө таман, төө куйрук, чекенде аралашкан шыбак-кылканак чөптүү кургак талаа (2500– 2800 м), бетеге-аккылкандуу талаа (2800 мден жогору) ландшафттары мүнөздүү. Түн. капталдарында шыбак-бетегелүү талаа (2500–2600 мге чейин), түркүн чөп – бетеге-аккылкандуу шалбаалуу талаа (2600 мден жогору) таралган. Жайыт.