География:КЫЛАКБУЛАК ТООСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– Талас Алатоосунун түн. тармагы. Шилбилисай ж-а Карабуура (Таластын сол куймалары) сууларынын ортосунда, түштүктөн түндүккө карай 32 кмге дого сымал созулуп жатат. Туурасы 7 км, орт. бийикт. 3000 м, эң бийик жери 3966 м.

Кыры тайпак, тик чокулар ж-а аскалар жокко эсе, батыш капталы жазы, Карабулак, Сагызган, Кайыңды (Шилбилисайдын куймалары) сууларынын капчыгайлары м-н терең тилмеленген, чыгыш капталы кыска, Карабуура суусуна тик түшүп, кокту-колоттуу. Негизинен рифейдин филлит, кумдук, алевролит, сланец, акиташ тектеринен түзүлгөн. Кургак талаа (2400 мге чейин), арча ж-а бадал аралашкан шалбаалуу талаа (2400–3000 м), субальп ж-а альп шалбаасы, шалбаалуу талаасы (3000–3500 м), андан жогору нивалдык-гляциалдык ландшафт зоналары мүнөздүү.