География:КЫЗЫЛАГЫН ТООСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– Академик Адышев кырка тоосунун бир тармагы. Түштүгүнөн Көксуу тоосу, түндүгүнөн Акбогус өрөөнү, чыгышынан Чоңказык, батышынан Андакул – Чыңылдак өрөөндөрү м-н чектешет. Кызылагын өз алдынча төрт тоого (Зордобука, Кызылагын, Андакул – Чыңылдак, Аюутапан) бөлүнөт. Жалпы уз.

20 кмдей. Орт бийикт. 3500–4000 м, эң бийик жери 4697 м. Түндүктөн түштүктү карай бийиктеп, Музтаг (4697м), Көксуу, Алайкуу тоолору м-н биригип кетет. Палеозойдун сланец, алевролит, акиташ теги ж-а конгломерат тектеринен турат. Капталдарына корум, кум-шагылдуу беттер, байыркы ж-а азыркы мореналар («төөкарын»), тектирчелер, чуңкурчактар ж-а тепши сымал өрөөндөр мүнөздүү. Түн. капталдарында байыркы тайпаң жондор ж-а сырттар кездешет. Мөңгүлүү. Негизинен арчалуу токой (2500–3300 м), субальп (3300–3600 м), шалбаалуу альп (3600–3900 м) ж-а гляциалдык-нивалдык ландшафттары кездешет. Жайыт.