География:КҮНГӨЙТОО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– Кыргыз Алатоосунун түш. тармагы. Кеңкол ж-а Талас сууларынын аралыгында кеңдик багытында 29 кмге созулуп жатат. Туурасы 5–6 км. Орт. бийикт.

1700–1800 м, эң бийик жери 2012 м. Жону тайпак, булактар чыгат; капталдары жантайыңкы. Тоонун негизин палеозойдун башталышында пайда болгон гранит-диорит интрузиялары түзүп, үстүн антропогендин калыңдыгы 200 м келген шагыл, кум, чопо тектери каптап жатат. Кургак талаа ж-а талаа (1400–1500 м бийиктикке чейин), андан жогору бадал аралаш шалбаалуу талаа ландшафты мүнөздүү. Чабынды, жайыт катары пайдаланылат.