География:КУТУРГАН ТООСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– Фергана тоо тизмегинин түш.-батыш тармагы. Зергер ж-а Чангет сууларынын аралыгында түн.-чыгыштан түш.-батышка 24 кмге созулуп жатат.

Туурасы 5 км. Орт. бийикт. 1750–1850 м, эң бийик жери 2415 м. Жону түзөң ж-а тайпак, капталдары жантайыңкы. Негизинен кумдук, алевролит, сланец, конгломерат, гравелит, чопо тектеринен турат. Көмүр кени бар. Тоонун капталына (1300–1400 м бийиктикке чейин), шалбаалуу талаа, сейрек өскөн жаңгак токою мүнөздүү. Чарбачылыкта чабынды, жайыт катары пайдаланылат.