География:КУЛЖАЕМБЕС ТООСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– Фергана тоо тизмегинин түш.-батыш тармагы. Сузак р-нун аймагында. Талдысуу ж-а Түрлөсуу сууларынын (Зергер, Жазы сууларынын куймалары) аралыгында түш.-батыштан түн.-чыгышка 28 кмге созулуп жатат. Туурасы 5–6 км. Орт. бийикт. 2400–2600 м, эң бийик жери 3328 . Жону тайпак, капталдары жантайыңкы; майда кокту-колоттор бар. Тоонун түн.-чыгыш (бийик) бөлүгү триастын сланец, алевролит, кумдук, конгломерат, жапызыраак түш.-батышы пермь м-н карбондун кумдук, алевролит, сланец тектеринен турат. Көмүр кени бар. Талаа ж-а шалбаалуу талаа (1800–1900 м бийиктикке чейин), шалбаалуу жаңгак токою (2200– 2500 мге чейин), аз аянтты бийик чөптүү шалбаа ээлейт. Жайыт, чабынды, токойчулукта пайдаланылат.