География:КӨККЫЯ КЫРКА ТООСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
Аксай өрөөнүнүн түштүгүндө. Какшаал тоо тизмегине кирет. Уз. 20–25 км. Басымдуу бийикт. 4200– 4400 м, эң бийик жери 4843 м. Кырына байыркы тайпак жерлер мүнөздүү. Түш. бети өтө тик (65–70°), батыш бөлүгү бийик (4200–4500 м), зор капчыгайлар кесип өтөт (Көккыя каньону). Түзүлүшү б-ча горстантиклиналь. Байыркы муз каптоонун издери байкалат. Палеозойдун гранит, сланец, кумдук, акиташ тектеринен турат. Түш.чыгышында мөңгүлөр бар. Бийик тоолуу субальп талаасы (3500–3800 м), альп талаасы ж-а шалбаалуу талаа ландшафттары мүнөздүү (3800–4300 м); тоо бетинде негизинен шыбак, доңуз сырты, бетеге өсөт.

Кышкы жайыт.