География:КОРГОТОО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– Ички Теңиртоодогу кырка тоо. Соңкөлдүн түш.-чыгышында. Кажырты ж-а Жергетал сууларынын аралыгында түн.-батыштан түш.-чыгышка карай 22 кмге созулуп жатат. Туурасы 7–8 км. Орт. бийикт.

2700–3200 м, эң бийик жери 3722 м. Кыры тайпак, түш.-батыш капталы кыска, Кажырты капчыгайына тик түшөт; түн.-чыгыш бети узун, жантайыңкы, кокту-колоттуу. Негизинен карбондун акиташ теги, доломит, конгломерат, гипс, сланец тектеринен турат. Тектон. жаракалар м-н тилмеленген. Талаа ж-а бадал-токойлуу шалбаалуу талаа (2700– 2900 м бийиктикке чейин), субальп, альп шалбаасы (3200–3400 мге чейин) ландшафттары басымдуу; нивалдык алкак жокко эсе. Жайыт.