География:КАЧУРА ТООСУ
– Фергана тоо тизмегинин түш.-батыш тармагы. Кулун көлүнүн түндүгүндө, Кулун ж-а Каракулжа сууларынын аралыгында кеңдик багытта 34 кмге созулуп жатат. Туурасы 10 км. Орт. бийикт.
3800–4000 м, эң бийик жери 4497 м. Кыры аскалуу ж-а мөңгүлүү, капталдары тик, капчыгай, кокту-колоттуу. Тоо юра мезгилинин чаарташ свитасына кирген конгломерат, гравелит, кумдук, аргиллит тектеринен турат. Батыш бөлүгүнө талаа ж-а шалбаалуу талаа (2300–2500 м бийиктикке чейин), шалбаа-токой-бадалдуу (2500–2900 м), субальп ж-а альп шалбаалуу талаа, чыгыш бийик бөлүгүнө субальп ж-а альп шалбаалуу талаасы (2900–3300 м), андан жогору субнивалдык суук чөл ж-а гляциалдык-нивалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Жайыт.