География:КАРДЫКЫР ТООСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
Борб. Теңиртоодо.

Какшаал кырка тоосунун түн. тармагы. Чолоккапчыгай, Тасмачоңкапчыгай ж-а Чоң Үзөңгүкууш сууларынын өрөөндөрү м-н чектешет. Тоо кеңдик багытында 25– 30 кмге созулуп жатат. Туурасы 6–8 км. Орт. бийикт. 3500–4300 м, эң бийик жери 4582 м. Кыры аска-зоокалуу ж-а мөңгүлүү. Капталдары терең, тик капчыгайлуу. Девондун кумдук, сланец, катмарланган кремний, акиташ теги, конгломерат тектеринен турат. Нивалдык-гляциалдык, субнивалдык суук чөл ландшафттары басымдуу; төмөнкү бөлүктөрүндө субальп ж-а альп шалбаасы, шалбаалуу талаа зоналары да кездешет. Жайкы жайыт.