География:КАРБЫТОО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– Фергана тоо тизмегинин түш.-батыш тармагы. Каракол ж-а Кайыңды сууларынын (Нарындын сол куймалары) аралыгында батыштан чыгышты карай 31 кмге созулуп жатат. Туурасы 7 км. Орт. бийикт. 3300–3500 м, эң бийик жери 4129 м.

Суу бөлгүчү кырдуу, аска-зоокалуу, мөңгүлүү. Капталдары тик, кыска ж-а терең кокту-колоттору бар. Тоонун чыгыш бөлүгү пермдин конгломерат, кумдук, акиташ тектеринен, батыш бөлүгү үстүнкү карбондун алевролит, сланец, акиташ тектеринен турат. Жарым чөл, кургак талаа (1700–1800 м бийиктикке чейин), бийик чөптүү талаа ж-а шалбаалуу талаа (2300–2400 мге чейин), шалбаа-бадалдуу токой (2700–2800 мге чейин), субальп ж-а альп шалбаасы (3000– 3100 мге чейин), гляциалдык-нивалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Жайыт.