География:КАРАГАЙЛЫТОО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– Талас Алатоонун түн. тармагы. Каракайың ж-а Бешташ сууларынын аралыгында түн.-батыштан түш.чыгышка 24 кмдей созулуп жатат. Туурасы 6–7 км. Орт. бийикт. 3300–3700 м, эң бийик жери 3839 м. Кыры аска-зоокалуу, капталдары тик, капчыгай, кокту-колоттуу. Негизинен соңку рифейдин биотиттүү гранит, гранит-диорит интрузия тектеринен турат.

Талаа (1700–1800 м бийиктикке чейин), көк карагайлуу токой, шалбаалуу-талаа (1800– 2800 м) субальп ж-а альп шалбаасы ж-а шалбаалуу талаа (2800–3300 м), андан жогору субнивалдык суук чөл, гляциалдыкнивалдык ландшафт зоналары мүнөздүү. Жайыт.