География:КАПКАТАШ КЫРКА ТООСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
Ички Теңиртоодо, Кичи Нарын ж-а Сарыкүнгөй (Ооруктам) м-н Карасаз, Солтонсары ж-а Көкторпок тектон. өрөөндөрүнүн аралыгында. Уз. 71 км. Эң жазы жери 10 км. Орт. бийикт. 3550 м, эң бийик жери 3964 м (Каракыр чокусу). Кырка тоодо кембрийдин кумдук теги, төм. палеозойдун гранити басымдуу. Батышы бийик, чыгышы жапыз; түн.-чыгышы өтө басаңдап, Кызылмойноктун белинде Жылаңач тоосуна өтөт. Тоонун түн. бетинин тиктиги 25–40°, түштүгүнүкү 45– 60°, капчыгайлуу. Батыш тарабы мөңгүлүү.

Түн. капталына тоолуу талаа, субальп ж-а альп шалбаалуу талаа (2600–3600 м бийиктикте), батышында альп шалбаасы ж-а субнивалдык чөл басымдуу. Түш. бети каксоо, кургак талаа өсүмдүктөрү өсөт. Батыш бөлүгү нымдуу болгондуктан тулаңдуу. Жайыт.