География:КАНТЕҢИР ТОО ТООМУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
Борбордук ж-а Чыгыш Теңиртоонун, негизги бөлүгү Кыргндын, чыгыш жагы ж-а түш. капталдары Кытайдын, түн. капталдары Казакстандын аймагында. Батышынан Сарыжаз, чыгышынан Музарт өрөөндөрү, түндүгүнөн Текес, түштүгүнөн Тарим ойдуңдары м-н чектешет.

Уз. 200 км, туурасы 50–60 км, жалпы аянты 10 миң км2ден ашык. Башкы кырка тоолору кеңдик б-ча бири бирине жарыш жайгашып, борб. бөлүгүндөгү Меридиан кырка тоосуна барып такалат. Батыш тарабындагы негизги кырка тоолор: Тескей Алатоо, Адыртөр тоосу, Сарыжаз кырка тоосу, Теңиртоо, Эңилчек кырка тоосу, Кайыңды кырка тоосу, Көйкап тоосу, Майбаш тоосу, Бозкыр кырка тоосу; чыгышында: Калыктоо, Сайкал ж. б. К. т. т. Теңиртоонун эң бийик бөлүгү – Жеңиш (7439 м) ж-а Кантоо (6995 м) чокулары жайгашкан. Эң жапыз жери 1687 м бийикте болгондуктан, бийиктик амплитудасы 5759 мге жетет. Орт. бийикт. 3500 м. Рельефи альп тибине кирет. Неогендин башталышынан азыркы мезгилге чейинки кыймылдын негизги багыты – көтөрүлүү. Неогенге чейинки түздүктөр азыр 3000–3500 м бийикте тектир-тектир калдык түздүк түрүндө сакталган (сырт). Тоо тоому жалпысынан эң чоң антиклинорий сымал, ал өз кезегиндеги (каледондук) майда бүктөлүүлөрдөн турат. Өрөөндөр негизги структураларга жараша кеңдик б-ча жайгашкан. Сарыжаздын капчыгайы гана кырка тоолорду туурасынан кесип өтөт. Негизинен төмөнкү палеозойдо пайда болгон мраморлошкон акиташ теги, кристаллдык ж-а чополуу сланец, мрамор ж-а аларды жиреп чыккан гранит-диорит тектеринен турат. Чет жактарында неогендин кызгылт тектери да кездешет. Климаты кескин континенттик, бийиктеген сайын өзгөрөт. Жаан-чачын да ар жеринде ар кыл. Меридиан кырка тоосунун батыш капталында жылдык жаан-чачыны 1000 ммге чейин болсо, Эңилчек өрөөнүндө 250 мм гана жаайт. 3000 км2 жери же жалпы аянтынын 30% мөңгү м-н капталган. Ири мөңгүлөрү: Түш. Эңилчек (уз. 59 км, аянты 613 км2); Түн. Эңилчек (39 км, 203 км2), Кайыңды (26 км, 107 км2), Адыртөр (20 км, 75 км2), Семёнов (21 км, 74 км2). Кытай тарабында Темирсуу, Сайкал, Түндүк ж. б. мөңгүлөр бар. Сууларынын көбү Таримдин алабына таандык; ирилери: Сарыжаз, Түн. Текес, Түш. Темирсуу. Ландшафты бийиктик зоналуулук б-ча өзгөрөт. Түш. капталынын этектерине 1000 мге чейин чөл ж-а жарым чөл, андан жогору кургак талаа ж-а талаа, 1300 мден жогору ички өрөөндөрүнө ж-а түн. капталында токой, андан бийик субальп, альпшалбаа ж-а субнивалдык гляциалдыкнивалдык суук ландшафттар жайгашкан. Жаныбарлары: тоо эчки, аркар, аюу, илбирс ж. б. Бул аймакты эзелтен кыргыздар мекендейт. Аты тоонун өтө бийиктигине байланыштуу пайда болгон: «теңирдин (асмандын) каны (падышасы)»; «асман мелжиген тоо» маанисинде. О. эле к. Кантоо макаласын. А. Осмонов