География:БЕЛИСЫНЫК ТООСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
Түш. Теңиртоодо, Фергана өрөөнүнүн түштүгүндө. Кожобакырган суусунун чыгышында дого сымал кеңдик багытта 26 км аралыкта созулуп жатат. Туурасы 11 км. Орт. бийикт. 1100– 1300 м, эң бийик жери 1571 м. Кыры тайпак, Кожобакырган өрөөнү тарабынын батыш капталы тик ж-а кыска, түн. ж-а түш. беттери Фергана ж-а Ташрабат өрөөндөрүн карай жантайыңкы. Палеоген ж-а неогендин кызыл түстүү конгломерат, кумдук, алевролит ж. б. тектеринен турат. Тоого чөл, жарым чөл, кургак талаа ландшафттары мүнөздүү.

Капталдарына кайрак эгин айдалат; чабынды ж-а жайыт.