География:АЛТЫНКАЗЫК ТООСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– Алай кырка тоосунун (Кичи Алай) түн. тармагы. Ноокат р-нун аймагында. Тоо кеңдик багытында Косчан, Кырккечүү сууларынын аралыгында 30–32 кмге созулуп жатат. Туурасы 4–5 км. Орт. бийикт. 2800–3300 м, эң бийик жери 4064 м. Кыры аска-зоокалуу, мөңгү жокко эсе. Тоо капталдары кокту-колоттуу келип, суу өрөөндөрүнө тик түшөт. Кууш капчыгайлар да кездешет. Орографиясы б-ча эки бөлүктөн турат: батышы Алтынказык, чыгышы Гупукан деп аталат. Силурдун чополуу ж-а көмүр-лүү сланец, кумдук, алевролит тектеринен турат. Талаа (1900–2000 м бийиктикке чейин), шалбаалуу талаа ж-а шалбаалуу бадал (2700– 2900 мге чейин), субальп ж-а альп шалбаасы (3100–3200 мге чейин), субнивалдык, нивалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Жайыт.