География:АЛАМЫШЫК ТООСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– Ички Теңиртоодогу Нарын кырка тоосунун батыш тарабы.

Нарын м-н Атбашы өрөөндөрүнүн ортосунда. Уз. 35 км, туурасы 6–20 км, басымдуу бийикт. 3000–3300 м, эң бийик жери 3399 м. Негизинен девон, карбон мезгилдеринин акиташ тегинен турат. Рельефи татаал: чыгышты көздөй ичкерип, Нарын кырка тоосуна белбаскак (Шаркыратма суусунун өрөөнү) аркылуу кошулат; борбордук бөлүгү бийик, капталдары тик (60°), тектирлүү, коолуу; батышы ичкерип басаңдап (периклиналь), Жанбулак коктусунан баштап түздүккө «чыгып» кетет. Тектон. түзүлүшү б-ча –горстантиклиналь. Түн. беттериндеги капчыгайларда карагай, бадал, түштүгүндө жарым чөлдүү кургак талаа өсүмдүктөрү, чыгышында ж-а бийик бөлүктөрүндө субальп тулаңы өсөт. Тоо беттериндеги аска таштарда сүрөт чиймелер, акиташтуу жерлеринде үңкүрлөр бар. Анын эң бийик чокусуна ретрансляциялык телекөрсөтүү ст. курулган.