География:АКТӨР ТООСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– Кичи Алай кырка тоосунун чыгыш айрыгы. Түндүгүнөн Талдык, Кумбел тоолору, чыгышынан Гүлчө өрөөнү, батышынан Кичи Алай, түштүгүнөн Каракол тоолору ж-а Кумбел ашуусу м-н чектешет. Уз. 50 км, эң жазы жери 11 км.

Орт. бийикт. 3760 м, эң бийик жери 4503 м (Кумбел ашуусунун түштүгүндө). Негизинен палеозойдун акиташ тектеринен түзүлгөн. Батыш ж-а борб. бөлүктөрү зоокалуу. Чокуларын «түбөлүк кар», түн. капталдарын майда мөңгүлөр ээлейт. Түн.чыгышты карай капталдары жантайыңкы тартып, кырлары жок сымал формага өтөт. Жылгаларында шагылдар, ири таш сыныктары көп кездешет. Түш. капталдары тик, кыска ж-а борчуктуу, түндүгү узун келип, фирн талаалары ээлейт. Т оодо Актөр, Кумбел, Кошбел ашуулары бар. Негизинен бийик тоолуу альп шалбаалуу талаа, талаа (3200–3600 м бийиктикте) ж-а гляциалдыкнивалдык (3600–4000 м) ландшафт алкактары мүнөздүү.