География:АКТАШ ТООСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– Чаткал кырка тоосунун түш.-чыгыш тармагы. Сумсар ж-а Кабасай сууларынын аралыгында меридиан багытында 22 кмге созулуп жатат.

Туурасы 5–6 км. Орт. бийикт. 2300–2800 м, эң бийик жери 3709 м. Кыры аскалуу, капталдары тик, кокту-колоттуу. Карбон мезгилинде пайда болгон чөкмө тектерди жиреп чыккан майда бүртүкчөлүү гранит, гранит-диорит, бүктөлүүлөргө дуушарланып деформацияланган миңбулак свитасынын 2800–3100 м калыңдыктагы чөкмө ж-а чөкмө-жанар тоо тектеринен турат. Тоодо коргошун, сурьма кендери бар. Жарым чөл, кургак талаа (1400–1500 м бийиктикке чейин), талаа ж-а шалбаалуу-талаа (2200–2300 мге чейин), андан жогору сейрек кездешкен бадал-шалбаалуу ландшафт алкактары мүнөздүү. Жайыт.