География:АДЫРТӨР ТООСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– Борб. Теңиртоонун түн.-чыгышында. Сарыжаз суусунун алабындагы Семёнов ж-а Мушкетов мөңгүлөрүн бөлүп турат. Уз. 34 км, туурасы 8 км. Орт. бийикт. 4420 м, эң бийик жери 4657 м. Негизинен карбондун акиташ, сланец тектеринен турат. Рельефи асимметриялуу: түш. капталы Адыртөр суусу м-н Мушкетов мөңгүсүн карай тигирээк, түндүгү Сарыжаз өрөөнүн карай жантайыңкы. Түн. капталы мөңгүлүү, кыска өрөөндөр м-н тилмеленген.

Мөңгүлөрдүн жалпы аянты 49 км2. Тоо этегине бийик тоолуу шалбаалуу талаа (3100– 3500 м бийиктикте), андан жогору нивалдык ландшафт алкактары мүнөздүү.