География:МАЙЛЫСАЙ КУРОРТ ЗОНАСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– Жалалабат облусунун Ноокен р-нундагы бальнеол . курортко ылайыктуу аймак.

Үчкоргон т . ж . бекетинен 26 км түш .-батыш тарапта, Майлысайдын жанында, Фергана өрөөнүнүн түн .-чыгыш бөлүгүндө, деңиз деңг. 850 м бийиктикте жайгашкан. Климаты мелүүн континенттик. Кышы мелүүн, кыска, кар дайыма жатпайт (январдын орт . темп-расы – 3°С), жайы кургакчыл, ысык (июлдуку 27°С). Жылдык жаан-чачыны 300 ммдей (негизинен март –: июль айларына туура келет). Жылдык орт . салыштырмалуу нымдуулугу 40%тей. Дарылоочу негизги табигый фактору – сульфид, хлорид ж-а сульфиддүү, хлоридгидрокарбонат-натрийлүү суу булактары (к. Майлысай минералдуу суусу) .