География:КЫЗЫЛБУЛАК КУРОРТУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– Баткен облусунун Кадамжай р-нундагы климаттык курорт. Кадамжай шаарчасынан 12 км, Ош ш-нан 150 км аралыкта. Алай кырка тоосунун түн . капталында, деңиз деңг. 1250 м бийиктикте, Аксуунун өрөөнүндө жайгашкан. Айланасында арча токою, бадалдар өсөт. Климаты мелүүн континенттик. Кышы анча суук эмес, кар аз түшөт, январдын орт . темпрасы –3°С. Жаз ж-а күз айлары жылуу.

Жайы ысык, июлдун орт . темп-расы 22°С. Жылдык жаан-чачыны 350 ммдей; негизинен апрель–июнь айларында жаайт. Жылдык орт . салыштырма нымдуулугу 56%. Жылына 2700 саат күн тиет. Курорттун аймагынын кооз ландшафты, өтө иондошкон таза тоо абасы климат-терапиясында мааниси зор. Кургак учуктан дарылоочу «Кызылбулак» санаторийи (250 орундуу) иштейт.