МАРХАМАТ ШААР КАЛДЫГЫ
МАРХАМАТ ШААР КАЛДЫГЫ - биздин замандын алгачкы кылымдарында Фергана өрөөнүндөгү тургун журттардын бири. Өзбекстандын Анжиян облусундагы Мархамат кыштагына жакын жерде, Араван суусунун жээгинде жайгашкан. Жалпы түзүлүшү чарчы формада. Айланта бекем дубалдар менен курчалып, айрым жерлерине кыш мунаралар тургузулган. Дубалдын ичинде курулуштар болгон.
