МАРИЙЛЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:41, 23 ноябрь 2026 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАРИЙЛЕР (өздөрүн мари, марий деп аташат, мурда черемистер деп аталган) - Россия Федерациясындагы эл (644 миң), Марий Эл Республикасынын жергиликтүү кал­кы (312,2 миң). Башкырстанда (105,8 миң), Та­тарстанда (18,8 миң), Удмуртияда (9,0 миң), Ни­жегород (7,8 миң), Киров (38,9 миң), Тюмень (11,0 миң), Свердлов (27,9 миң) жана Пермь облусунда (5,4 миң) да жашашат. Жалпы саны 604,3 миң киши (2002). Алар үч негизги субэт­ностук топко (тоо, талаа жана чыгыш) бөлүнөт. Тоо марийлери Волганын оң жээгин, талаа марийлери Ветлуг-Вятка дарыясынын

ортосун, чыгыш марийлери Башкирия аймагын мекендешкен. Марий жана орус тилдеринде сүйлө­шөт. Христиан динин ту­тушат. Марийлердин этностук негизин финн-угор уруу­лары түзгөн. Марийлердин ка­лыптанышына жана өнүгүшүнө түрк элдеринин (болгар, чубаш, татар) жана орустардын таасири тийген. Негизги кесиби - дыйканчылык, мал чарбачылык, аарычылык, балык кармоочулук. Улуттук кийими - туника сымал бычылган көйнөк, ыштан, узун этектүү кафтан, эркектер башына кийиз калпак кийип, белине кур кур­чанат. Аялдар алжапкыч тагынып, кооздуктар­ды колдонушат. Тамак-ашы - негизинен дан, эт, сүт азыктары.