МАНАСТЫН КҮМБӨЗҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:26, 23 ноябрь 2026 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАНАСТЫН КҮМБӨЗҮ - Орто кылымга (XIV кылым) таандык архитектуралык эстелик. Талас суусунун түндүгүндөгү Кеңкол өрөөнүнүн чыга беришинде жайгашкан жана ушул кезге чейин сакталган. Бышырылган кыштан салынган күмбөз эл ичин­де жана илимий адабиятта «Манастын күмбөзү» деген ат менен белгилүү. 1893-жылы академик В. В. Бартольддун Орто Азияга жасаган илимий саякаты жана 1895-жылы Ташкент шаарындагы археологдордун Түркстан ийриминин уюштурулушу Манастын күмбөзүнүн илимий негизде изилдени­шине өбөлгө түзгөн. Ошол жылдары

В. В. Бар­тольд тарабынан Манастын күмбөзүнүн абалы, негизги архитекту­ралык мүнөздөмөлөрү кагазга түшүрүлүп, ченөө иштери аткарылган. Манастын күмбөзүнүн бетиндеги арабча жазуу 1899-жылы В. В. Бартольд, кийинчерээк А. М. Беленицкий тарабынан окулган. Натый­жада «Манастын күмбөзү» деген эстелик чагатай эмири Абука­нын кызы Кенизек-Хатундун (1334-жылы 6-майда, жума күнү өлгөн) урматына тургузулгандыгы маалым болгон. 1923-жылы мамлекет тарабынан коргоого алынган. Манастын күмбөзүн 1938-жылы А. Н. Бернш­там жетектеген илимий экспедиция изилдеген. Анда табылган эки жыгач табыттын биринде орто жаш эркектин сөөгү коюлгандыгы аныктал­ган. 1945-жылы күмбөздү М. А. Пугаченкова менен М. Е. Массон изилдеп, сфера формалуу кумпа үстүндө төмөндөн жогору карай кууш тартып, учу чуштуйган чатырлуу кумпа (там чамгарак) болгон деген ой айтышкан. Мындай эстелик­тер Түндүк Түркстанда ал кезде кеңири тараган. 1968-жылы оңдоп-түзөөлөр жүргүзүү учурунда бийиктиги 56 см, диаметри 64 см «куба» табылып, чатырлуу кумпа идеясы далилденген.

Төрт чарчы има­раттын (ичи 4,38x4,48 м) бийиктиги 11 м, фасад­дарынын ар биринин бийиктиги 7 м. Манастын күмбөзү пира­мида (күмбөздүн негизги, биринчи көлөмү) түрүн­дөгү төрт бурчтуктун үстүнө орнотулган 16 кыр­дуу чатырынын (экинчи көлөмү) жана бет маң­дайы оймо-чийме терракота менен кооздолгон не­гизги фасадынын (үчүнчү көлөмү) пропорциялуу жасалышы менен монументтүү көрүнөт. Төрт бурч­тук жана анын порталы жогорулаган сайын ич­керет да, ушул себептен чатырдын кылда чоку­су «куба» күмбөздүн бүткөн чекити өңдүү жал­пы гармонияны байытат. Күмбөздүн негизги пропорцияны түзүүчү бөлүктөрүнүн катышы так, порталындагы жыш орнамент жана террако­талык оймо жергиликтүү элдин кол өнөрүнүн табигый өзгөчүлүгу менен байланыштуулугун билдирет. Манастын күмбөзү көчмөн кыргыздардын чөйрөсүнө мусул­манчылык кире баштаган мезгилде, ыйык адам­дын мүрзөсү эмес, кудайдын жердеги күчүн да­ңазалаган храм катары курулган. Ошондуктан күмбөз жергиликтүү эл үчүн зыярат жайы да болуп кел­ген. 1968-жылы күмбөз толук кайрадан оңдоп-түзөтүлгөн.

Ад.: Бернштам А. Н. Мазар Манаса. Ф., 1945; БернштамА. Н. Архитектурные памятники Киргизии. М.; Л., 1950; Массон М. Е., Пугаченкова Г.А. Кумбез Манаса. М., 1950; Помаскин Б. В. Гумбез Манаса. Ф., 1972.