МАНДОЛИНА
МАНДОЛИНА (италянча mandolina) - кылдуу чертме музыкалык аспап. XVI кылымдан колдонула баштаган. Мандолина Италияда (Неаполь) пайда болуп, XVIII кылымдан кеңири

таралган. Эң кеңири тараган түрү - Неаполь мандолинасы, неополитандын сопрано мандолинасы жупталып тартылган төрт кылдуу, квинта добуш аралыгына күүлөнөт. Мандолинанын аягы томпогой, 4 түгөйлүү кылы жана кыска моюнчасында металл беренелери бар, башы жалпагай келип, тоголок буроолор орнотулатынча Узундугу 610- 635 мм. Скрипкадай эле квинтада толгонот. Медиатор менен чертилет. Мандолина жеке аткаруучулукта жана ансамблдерде колдонулат. Курамында мандолина жана гитаралар болгон оркестр неополитан оркестри деп аталат.