МАНЕЖ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:15, 23 ноябрь 2026 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАНЕЖ (французча manège) - 1) атты көндүрүү, атчан жүрүүгө үйрөтүү, ат спорт мелдештерин өткөрүү үчүн курулган чарчы аянт же тегерек имарат. Манеждин таманына кум, таарынды же топурак тө­шөлөт. Үстү жабык тик бурчтуу манеж жолу­нун узундугу 130 м, тегерегиники 100 м. Ачык манеждин жолу чымдуу, катуу топурактуу, кумдак келет. Азыр манеж ипподромго жакын курулат; 2) цирк манежи - оюн көрсөтүлүүчү диаметри 13-14 м кел­ген тегерек аянтча; 3) спорт манежи - гимнастика, жеңил атлетика жана спорт-оюндары боюнча мел­деш өткөрүү, ошондой эле машыгуу, окуу иштери үчүн курулган имарат; дене тарбия жана спорт окуу жай комплексинин бөлүгү. Ачык манеж тегерек (160-250 м} жана түз (60-120 м) чуркоо жолу, узун­дукка, бийиктикке секирүү, ядро түртүү сектор­лору, волейбол, баскетбол аянттары, спортсмен­дер үчүн кошумча имараттары, кээде көрүүчүлөр үчүн орундар болот; 4) жаңыдан баса баштаган балдар үчүн жасалган жыгач тосмочо.