МАМБЕТОВА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:47, 23 ноябрь 2026 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАМБЕТОВА Насира Исмаиловна (2. 12. 1948- жылы туулган, Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району, Тамга айы­лы) - драма артисти, Кыргыз Республикасынын эл артисти (1992). 1972-жылы Москвадагы А. В. Луначарский атындагы театр искусствосу институтун бүткөн. 1972-1994-жылдары Ош кыргыз драма театрында иштеген. 1994-жылдан Б. Кыдыкеева атындагы Жаш кө­рүүчүлөр театрында эмгекте­нет. Н. Мамбетова улуттук, дүйнөлүк, орус драматургдардын спек­таклдеринде.бир катар каар­мандардын образын түзүп, аларды кулк-мүнөзүн, ички дүйнөсүн чебер

МАМБЕТОВА Насира Исмаиловна

ачып бере ал­ган. Негизги ролдору: Ак ба­ла (М. Ауэзов, «Каракөз»), Жаңыл Мырза (А. Кутту­баев, К. Маликов, «Жаңыл Мырза»), Кадича, Сейде (Ч. Айтматов «Кызыл жоолук жалжа­лым», «Бетме-бет»), Багдагүл (Т. Абдымомунов, «Ашырбай»), Мадина (М. Карим, «Жөө Мах­муд»), Аял (М. Байжиев, «Акыркы рейс»), Гер­труда (У. Шекспир, «Отелло»), Комиссар (В. Виш­невский, «Оптимисттик трагедия»), Актриса (М. Гапаров, «Туздуу чөл») жана башкалар. Н. Мамбетова киного да тартылган: Бекей (Б. Шамшиев, «Ак кеме»), Ка­дича (И. Поплавская, «Мен - Тянь-Шань») жана башкалар. Москва шаарында өткөн Бүткүл союздук эл чыгармачылыгы фестивалынын лауреаты (1987). «Курманжан Датка» тарыхый фильминде (2014) башкы ролду аткарган.

Н. Мамбетова Курманжан Датканын ролунда, 2014.
Н. Мамбетова - Ка­дича. «Мен - Тянь­Шань» фильми.

III даражадагы «Манас» ордени (2016) менен сыйланган. Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (2016). Кыргыз Республикасынын Кинематографисттер союзунун башкармалыгынын мүчөсү.