МАМБЕТАИПОВА Шакен

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:28, 23 ноябрь 2026 карата Lera (талкуу | салымы) (Lera «МАМБЕТАИПОВА» барагын «МАМБЕТАИПОВА Шакен» деп кайра атады) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАМБЕТАИПОВА Шакен (20. 11. 1936, Ысык-­Көл облусу, Тоң району, Туура-Там айылы - 16. 7. 1995, Бишкек) - сүрөтчү-кол өнөрчү, акын, 1971-жыл­дан Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү, «Кыял» көркөм өндүрүш бирикмесин негиздөөчүлөрдүн бири, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер (1975), Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү (1992). 1970-жылы Бишкектеги

сү­рөтчүлөр окуу жайын бүткөн. Эмгек жолун 1960-жылдан Бишкек элдик кол өнөрчүлүк фабрика­сында башкы сүрөтчү болуп иштөө менен башта­ган. 1965-1969-жылы Оштогу Жибек комбинатында сүрөтчү, 1969-1973-жылдары Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өнөр жай министр­лигинде башкы сүрөтчү, 1973-1976-жылдары башкы конструктор болуп иштеген. Ш.Мамбетаипованын «Төөчөн кыз», «Ашкана» (экөө тең 1970), «Мейман күтүү» (1972), «Ак кеме», «Кыз куумай» (1979) жана башка чий паннолору; «Айдың көл», «Ак бугу» жана башка шырдактары, «Гүлдөр дүйнөсү» сыяктуу баркыт­ка сайылган саймалары, Ч. Айтматовдун порт­рети (1978) жана башка чыгармалары союздук, республикалык жана чет өлкөлөрдөгү (Моңголия, Япония, Аме­рика, Полыпа, Румыния жана башкалар) көргөзмөлөрдө жогорку сыйлыктарга ээ болгон.

МАМБЕТАИПОВА Шакен

Ш. Мамбетаипова - «Кыргыз пейили» (1976), «Кыргыз орнаменти» (1980), «Ырлар» (1981), «Байыркы жылдыздар» (1984), «Оюмдагы обондор» (1986), «Улуу тоолор» (1989) ыр жыйнактарынын автору.