МАМАШЕВА Гүлсүн

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:10, 23 ноябрь 2026 карата Lera (талкуу | салымы) (Lera «МАМАШЕВА» барагын «МАМАШЕВА Гүлсүн» деп кайра атады) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАМАШЕВА Гүлсүн [3. 11. 1947-жылы туулган. Жалал­Абад облусу Жаңы-Жол (азыркы Аксы) району, Рен­жит айылы] - ырчы, артист, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти (1994), Кыргыз Республикасынын эл артисти (2011), 1971-жылы Б. Бей­шеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтун бүткөн. Г. Мамашева - Совет доо­рунда Кыргызстанда биринчи түзүлгөн Ч. Кожомжаров жетектеген эстрада ансамблинин алгачкы со­листтеринин бири.

МАМАШЕВА Гүлсүн

1971- 1983-жылдары К. Орозов атындагы академиялык эл аспаптар оркестринде со­лист, 1983-1987-жылдары Ысык-Көл облусундагы К. Жантөшев атындагы Кыр­гыз драма театрында ар­тист. Анын аткаруусундагы «Кыштак четинде», «Жибек чач», «Ырдап кой», «Жаш­тык вальсы», «Назгүлүм» жана башка ырлары Кыргыз телерадиосунун алтын казынасына жазылган. Г. Мамашева театрда жана кинодо да каармандардын обра­зын жеткиликтүү ойногон. Аткарган ролдору: Чынар (Ж. Бөкөнбаев, «Алтын кыз»), Зулайка (Ж. Турусбеков, «Ажал ордуна»), Асел (Ч. Айт­матов, «Кызыл .жоолук жалжалым»), Алтын (А. Дыйканбаев, «Түпкүрдөгү сыр») жана башкалар. Г. Мамашева - «Жаралуу аркар» (2007) китебинин автору. Ж. Шералиев атындагы (1995), Ч. Айтматов атындагы (1997) эл аралык сыйлыгынын лауреаты.

Г. Мамашева «Ысык-­Көлдүн кызгалдак­тары» фильминде эпизоддук ролдо.