МАЛЯВИН Филипп Андреевич

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:01, 23 ноябрь 2026 карата Lera (талкуу | салымы) (Lera «МАЛЯВИН» барагын «МАЛЯВИН Филипп Андреевич» деп кайра атады) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
МАЛЯВИН Филипп Андреевич. Орус музейи, сүрөтчү И. Э. Грабардын тарткан портрети.1895.

МАЛЯВИН Филипп Андреевич [10 (22). 10. 1869, Самара губерниясы, Казанка кыштагы (азыркы Оренбург облусу, Тоцк району) - 23. 12. 1940, Ниц­ца] - орус живописчи жана графиги. 1906-жыл­дан Петербург көркөм сүрөт академиясынын мүчөсү. 1885-1891-жылдарыы Ыйык Пантелеймон монас­тырында кечилдикти кабыл алган жана икона тартуу өнөрканасында иштеген. 1922-жылдан

Ф. А Малявин. «Дый­кан кызы».

чет өлкөдө жашаган. 1900-жылы Ф. Малявиндин «Күлкү» аттуу картинасы дүйнөлүк көргөзмөдө алтын медалга татыган. «Көчмө көргөзмө» агымы анын чыгармаларына таасирин тийгизген. 1924-жыл­дан Европа өлкөлөрүндө, анын ичинде Шарпантье гале­реясында чыгармаларынын көргөзмөлөрүн өткөр­гөн. Ф. Малявин чыгармачылыгында орус тематикасын көтөрүп чыккан.