МАЛЕР Густав
МАЛЕР Густав (7. 7. 1860, Богемия - 18. 5. 1911, Вена) - австриялык композитор, дирижёр, опералык режиссёр.

Батыш европалык неоромантизмдин акыркы өкүлү. 1880-жылдарда Австрия, Венгрия опера театрларында жана алар менен бирге 1897-1907-жылы Вена Хан сарайынын операсында кызмат кылган; 1907-жылдан АКШда. Симфониялары (10, акыркысы бүтпөй калган) жана «Жер жөнүндө ыр» симфониякантатасы (1888- 1909) XIX кылымдын аягы - XX кылымдын башындагы симфонизмдеги эң көрүнүктүү чыгармаларынан болгон. Анын чыгармачылыгы музыкалык экспрессиялуулукту пайда кылган. Малер Г. өз мезгилинин мыкты дирижёру катары музыкалык театрдын өнүгүшүнө зор салым кошкон.