МАЛДЫБАЕВ Абдылас

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:18, 23 ноябрь 2026 карата Lera (талкуу | салымы) (Lera «МАЛДЫБАЕВ» барагын «МАЛДЫБАЕВ Абдылас» деп кайра атады) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАЛДЫБАЕВ Абдылас [24.6 (7. 7). 1906, азыр­кы Чүй облусу, Кемин району, Кара-Булак кыштагы - 31. 5. 1978, Фрунзе шаары] - туңгуч композитор, ырчы (тенор) жана артист, кыргыз профессионал музы­касына негиз салгандардын бири, Кыргыз ССРи­нин искусствого эмгек сиңирген ишмери (1937), СССР эл артисти (1939).

Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын (1970) лауреаты. 1922-1924-жылдары Алма-Ата ка­зак-кыргыз агартуу институтун­да, 1924-1929-жылдары Кыргыз педагогикалык техникумунда, Москва кон­серваториясында Кыргыз улуттук студиясынан (ком­позиция классы боюнча 1940- 41-жылдары Г. Литинскийден, 1947- 1950-жылдары В. Фереден) окуган. 1930-жылы ачылган Фрунзе музыкалык техникумунда дирек­тор, 1933-жылдан Кыргызстан музыкалык студиясында (кийин музыкалык драма театры, 1942-жылдан Кыргыз опера жана балет театры) артист, 1939-1967-жылдары Кыргызстан композиторлор сою­зунун председатели, 1953-1954-жылдары М. Күрөңкөев атындагы музыкалык-хореография окуу жайынын директо­ру болгон.

А. Малдыбаев иш учурунда.

А. Малдыбаевдин чыгармачылык иши 1922-жылдан башталган. Алгачкы «Акинай», «Кы­зыл жоолукчан», «Өмүр», «Забойщиктер» жана башка ырлары эл арасына кеңири тарап, обончу ката­ры таанылган. 1936-жылы композитор В. Власов, В. Фе­ренин кыргыз жергесине келиши А. Малдыбаевдин

чыг­армачылыгынын өсүшүнө көмөк болгон. А. Малдыбаев ЗООдөй чы­гарма жараткан (анын 200дөйү ыр). Компози­тор элдик фольклорду кылдат пайдалана бил­гендиктен, ырлары элдик обонго жакын, угу­лушу көркөм, интонациялык жактан күчтүү. А. Малдыбаевдин айрыкча гимн («Кыргызстан», «Кел ка­тарга», «Ала-Тоо»), марш түрүндөгү («Кызыл ат­чандар», «Студенттер маршы») жана балдар ыр­лары («Мына минтип», «Кулунум» жана башкалар) кыр­гыз ыр жанрына жаңылык катары кирүү менен элди, эмгекти, мекенди сүйүүгө үндөгөн. 1930- 1940-жылдары А. Малдыбаев көптөгөн элдик ырларды иш­теп чыккан. «Кимге айтам», «Гүл турмуш», «Ук, жер жүзү», «Билгиң келсе», «Кечирип кой», «Сынга сыпат толгондо», «Жат болоруң бат беле», балдар үчүн «Биз агайдай болобуз», «Жылдызым» жана башка ырларды; «Эмгек маршы», «Парт­билет» жана башка хорлорду; композиторлор В. А. Власов, В. Г. Фере менен бирге «Ажал ордуна» музыкалык драма­сын; «Айчүрөк», «Патриоттор», «Манас», «Көл боюнда», А. Веприк, М. Абдраев менен бирге «Токтогул» операларын жана Кыргыз ССР гим­нине музыка жазган.

А. Малдыбаев - Тө­лөгөн. Е. Брусилов­ский. «Кыз Жибек» операсы.


А. Малдыбаев - «Таалай издегендер» (В. Власов, В. Фере менен бирге), аттуу кантата «Кылымдык дос» (В. Власов, В. Фере менен бир­ге), «Улуу 40 жыл», «Кыргыз уулу» (М. Абд­раев менен бирге) аттуу вокалдык-симфониялык чыгарма­лардын автору. Ал драма жана опера спектакл­деринде бир катар элестүү образдарды жарат­кан. Мисалы, «Алтын кыз» музыкалык драмасынан Куз­нецовдун, «Ажал ордунда» Бектурдун, «Айдар менен Айшадан» Телтайдын, «Аршин мал алан» музыкалык комедиясынан Аскердин, «Евгений Онегин» операсынан Ленскийдин, «Кыз Жи­бектен» Төлөгөндүн, «Токтогулдан»

Керимбай­дын ролун аткарып, ар кыл мүнөздөгү каар­мандардын образын чоң чеберчилик менен кө­рүүчүлөргө тартуулаган. СССР Жогорку Совети­не (1-шайланышынын), Кыргыз ССР Жогорку Советине (2-4-шайланышынын) депутат. А. Малдыбаевдин ысмы Кыргыз опера жана балет театрына, Биш­кек шаарынын бир көчөсүнө коюлган. Кыргыз мамлекеттик искусство институтунда А. Малдыбаев атындагы стипендия белгиленген. Ленин, Октябрь революциясы, үч Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Ад.: Аманбаев А., Давлесов Н. Абдылас Малдыбаев. Краткий очерк жизни и творчества. Ф., 1957; Ви­ноградов В. А. Малдыбаев, В. Власов, В. Фере. М., 1958; Алагушев Б. Композитор Малдыбаев. Ф., 1970; Сенчен­ко А. Песенное творчество А. Малдыбаева. Ф., 1977.