МАЙДАЛООЧУ МАШИНА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:03, 20 ноябрь 2026 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАЙДАЛООЧУ МАШИНА - катуу заттарды (минералдар менен тоо тектерин) майдалап тал­калоочу машина. Кесек (100-300 мм), орточо (25- 100 мм), майда (5-25 мм) талкалайт. Өз ичинен жаактуу, конустуу, валдуу, барскандуу, өзөктүү түрлөргө бөлүнөт. Биринчи үч түрү катуу зат­тарда (кенташ, курулуш таштары), калганда­ры морт, жумшак (көмүр, акиташ теги, боксит жана башкалар) материалдарда колдонулат.