МАЙ БОЁК ЖИВОПИСИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:51, 20 ноябрь 2026 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАЙ БОЁК ЖИВОПИСИ - живопистин байла­ныштыргыч зат катары өсүмдүк майын колдон­гон түрү. Май боёк живописин XV кылымдын башында ага-ини Хуберт жана Ян ван Эйктер иштеп чыккан. Тондорунун ургаал­дуулугунун, түстөрдүн ийкемдүүлүгүнүн натый­жасында дүйнө көрүнүшүнүн сүрөттөлүшүн түзүүдө өтө бай мүмкунчүлүктөргө ээ. Анын боёк катмары жука жана паста сымал, тунук жана ка­лын, жалтырак жана бозомтук, ачык жана түсү боюнча эң кочкул боло алат. Көп катмарлуу жи­вопись менен бирдикте бул техникада тез тарты­луучу живопись да аткарылат. Желим боёкто­ру, айрыкча гуаштан айырмаланып, май боёк­тордун түстөрү кургагандан кийин да өзгөрбөйт. Ийкемдүүлүк, ар кандай мүмкүнчүлүктөргө бай материалдык эпке келгичтиги жана боёк катма­рынын чыдамдуулугу май боёк живописинин негизги ар­тыкчылыктарына кирет. Мезгилдин өтүшү менен карарып же саргарып кетиши, узак иштегенде технол. талаптардын татаалданышы анын кем­чилиги болуп саналат. Май боёк живописи XIV кылымдан баш­тап сүрөтчүлөрдүн басымдуу көпчүлүгү колдон­гон техникалык ыкма.

Ад.: Ваннер Атап Айтканда Материалы масляной живописи. М., 2000; Яиплик Д. И. Техника живописи. М., 2008.